19:58, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өмүрбек Бабанов эртең да суракка барат

На русском
22:40, 19 баш оона 2019 534

Баракелде -  Өмүрбек Бабанов бүгүн, 19-августта саат 15:00 - 16:00 чамасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка кирип, саат 21:50дө чыкты. Ал "Кыргызстан коммерциялык банкына" байланыштуу суроолорго жооп берген.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эртең да саат 15:00гө УКМКга сурак берүү үчүн чакырылганын билдирди.

11-апрелде анын жээни — «Кыргызстан коммерциялык банкы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Жаныбек Мырзабаев өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка чакырылганы маалым болгон. Ж.Мырзабаев ал күбө катары суралган 2 кылмыш иш тергелип жатканын билдирген болчу.

Ө.Бабанов Россиядан Бишкек шаарына 9-августта учуп келген. Андан кийин кичи мекени Талас облусуна барып, Кара-Буура районунда түлөө өткөрдү. Ө.Бабановдун Кыргызстанга кайтары белгилүү болгондон кийин УКМК ага карата 2 кылмыш иш козголгонун эске салган. Биринчи кылмыш иш Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн сөзү боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча козголгон. Кийин экинчи кылмыш иш токтотулган.

«Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Эгерде Ө.Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жооп берет», - деп айтылган маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком