00:56, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Екатеринбургда 7 жыл мурун жоголгон кыргызстандык жаран белгисиз адам болуп көмүлгөн

На русском
18:30, 19 баш оона 2019 144
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  2012-жылы Россиянын Екатеринбург шаарында дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жараны 7 жылдан кийин табылды. Бирок ал белгисиз адам катары көмүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын август айында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө жарандар кайрылып, укук коргоо органдарынан дайынсыз жоголгон 32 жаштагы А.А. аттуу тууганын издөөгө жардам берүүнү суранышкан. Алардын айтымында, жоголгон адам Екатеринбургга иштөө максатында 2012-жылдын февраль айында кеткен. Акыркы жолу ал 2012-жылдын 2-июлунда туугандары менен байланышкан. Андан кийин дайынсыз жоголгон.

«Өз алдынча издөө иштеринен жыйынтык чыккан эмес. Туугандары кайрылгандан кийин аларга жоголгон адамды Россиянын мыйзамы боюнча издөөнү уюштуруунун эрежеси түшүндүрүлгөн», - деп айтылат маалыматта.

Екатеринбургдун полиция бөлүмүндө алардын арызы каттоого алынган. ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чарасында полиция кызматкерлери изделип жаткан адамдын өздүгүн такташты.

Алынган маалыматтарга ылайык, ал адам 2012-жылы жол кырсыгына кабылган. Анын сөөгү белгисиз адам катары жерге берилген.

«Туугандары керектүү документтерди алышып, эксгумация жана денени жөнөтүү маселелери чечилүүдө», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком