18:38, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды

На русскомEnglishНа русском
17:21, 19 баш оона 2019 1200

Баракелде -  Жогору Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов Финансы полициясына суракка чакырылды. Булактар аркылуу маалым болгондой, ал бүгүн, 19-августка саат 15:00-16:00гө «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААК иши боюнча күбө катары чакырылган.

Азырынча Ө.Бабанов Финансы полициясынан чыгып же чыкпаганы белгисиз.

Буга чейин 11-апрелде анын жээни «Кыргызстан коммерциялык банкы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Жаныбек Мырзабаев өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка чакырылганы маалым болгон.
Ж.Мырзабаев ал күбө катары суралган 2 кылмыш иш тергелип жатканын билдирген болчу.

Ө.Бабанов Россиядан Бишкек шаарына 9-августта учуп келген. Андан кийин кичи мекени Талас облусуна барып, Кара-Буура районунда түлөө өткөрдү.

Ө.Бабановдун Кыргызстанга кайтары белгилүү болгондон кийин УКМК ага карата 2 кылмыш иш козголгонун эске салган. Биринчи кылмыш иш Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн сөзү боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча козголгон. Кийин экинчи кылмыш иш токтотулган.

«Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Эгерде Ө.Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жооп берет», - деп айтылган маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком