00:54, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте учакка жасалма билет сатып жүргөн адамдар кармалды

На русском
17:06, 19 баш оона 2019 88
// Пресс-служба ГУВД г.Бишкек

Баракелде -  Милиция тарабынан алдамчылыкка шектүүлөр колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 28-февралда Ленин РИИБге шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал «COMPASS AIR» ЖЧКнын авиакассасынын жумушчуларына чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, ал кызматкерлер Бишкек—Москва каттамына 19 миң 400 сомго жасалма билет сатышкан.

Ошондой эле Ленин РИИБге 21-майда Чүй проспектиси менен Зеленый тар көчөсүнүн кесилишинде К.С. аттуу жаранга өзүн авиакассанын сатуучусу катары тааныштырып, алдоо жолу менен 24 миң 486 сом алып кеткен жаран тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган фактылар Жазык кодексиндеги 204-берененин (алдамчылык) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүүлөр кармалды. Алар — 1991-жылы туулган С.А. менен 1990-жылы туулган М.А. Кармалган жарандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция шектүүлөрдүн ушул сыяктуу 30 фактыга тиешеси бар экенин тактады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком