02:37, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

УКМК И.Карамушкинанын адам өлүмү тууралуу билдирүүсүн коомчулукту алдоо катары эсептейт

На русскомEnglish
16:03, 19 баш оона 2019 347

Баракелде -  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина тараткан билдирүүгө жооп берди. Тиешелүү билдирүүнү бүгүн, 19-августта УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

«Курманбек уулу Миржан атайын күч кызматкери тарабынан уруп-согуудан каза болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги Кой-Таштагы окуяда бир адам — УКМКнын атайын күч кызматынын орун басары каза болгондугун расмий билдирген.

Мындан башка Кой-Таштагы окуялардан жабыркагандардын арасында каза болгондор тууралуу факт катталган эмес. 130дан ашуун адам ар кандай жаракаттар менен медициналык жардамга кайрылышкан. Буга байланыштуу И.Карамушкинанын бул билдирүүсүн далилсиз маалыматтарды жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо катары эсептесек болот.

Кыргызстандын жарандарын кызыктырган так жана туура маалыматтарды берүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар бар. Ошондой эле УКМК жалган маалыматтарды жайылткан адам мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет», - деп айтылат маалыматта.

------------------------------------------------------------------

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 7-8-августта болгон окуяларда саламаттыкты сактоо мекемелерине медициналык жардам үчүн кайрылгандардын арасында Курманбек уулу Миржан аттуу жаран жок экенин билдирген.

«Учурда ведомство бир гана жабырлануучу — УКМКнын атайын багыттагы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Үсөн Ниязбековдун өлүмүн тастыктайт», - деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча, аталган күндөрү 139 адам кайрылып, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

«Жабырлануучулар Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларга жаткырылган. Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунда 4 адам, Улуттук госпиталда 6 адам дарыланып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком