18:39, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Жеке ишкер жерди 460 миң долларга сатып алганын айтты

На русском
11:14, 19 баш оона 2019 159
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов

Баракелде -  Бүгүн, 19-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча сот отуруму улантылды.

Сот отурумунун жүрүшүндө Масалиев көчөсүндөгү жер тилке эпизоду боюнча күбөлөр суралды. Тергөөнүн версиясы боюнча, аталган жер тилке Албек Ибраимов мэр болуп иштеп жатканда мыйзамсыз ижарага берилген.

Жеке ишкер Урмат Ишенбеков «Ала-Тоо» ресторанынын жанынан 1 гектар 20 сотых жерди 460 миң долларга сатып алганын билдирди. Анын айтымында, жер тилкени Б.Өмүрбаева жана В.Туркеналиева менен чогуу сатып алышкан.

Мурунку мэрлер жана башка айыпталуучулар Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, «Дастан» ААК каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталып жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком