19:56, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өзбекстандык кыздарга никеге уруксат берген жаш курак жогорулашы мүмкүн

На русскомEnglish
16:31, 17 баш оона 2019 825

Баракелде -  Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары кыздардын никеге туруу курагы жөнүндө мыйзамды өзгөртүүчү долбоорду карап чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.

Бул мыйзам долбоору депутаттар тарабынан экинчи жолу каралгандан кийин кабыл алына турганы күтүлүп жатат. Жаңы эрежелерге ылайык, кыздар 18 жаштан баштап никеге турууга уруксат берилет.

Азыркы учурда Өзбекстанда кыздар 17 жаштан, ал эми эркектер 18 жаштан өткөндөн кийин гана үй-бүлө курууга укуктуу. Былтыркы жылдын эсеби менен 5 миң 123 өспүрүм кыз 17 жаш курагында турмуш курган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком