03:10, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган жок, - ИИМ

На русскомEnglish
14:32, 16 баш оона 2019 111

Баракелде -  КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка да чакырылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин маалыматында: «Жакында эле А.Атамбаевдин тарапташтарынын билдирүүсү боюнча КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынганы тууралуу маалымат тарап, бирок ал далилденген жок», - деп айтылат.

7-8-августта Кой-Ташта жана Бишкекте болгон окуялар боюнча кылмыш иштин алкагында Мирбек Айтикеев күбөлөрдүн катарында.

Ошондой эле ИИМдин басма сөз кызматы Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуялар боюнча «Элдик штабдын» мүчөсү Залкар Бакиров кармалып жана суракка да чакырылбаганын билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком