05:22, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020
23:46, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020973 Видео — Ысык-Көлдөгү тоо текелер
21:40, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020104 Сүрөт: Бишкектеги жолдорго 199 тонна туз себилди
21:30, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 20205339 Сүрөт — Кырктын кырындагы кыргызстандык баатыр энелер
20:34, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020156 UFC: Антонина Шевченконун кезектеги атаандашы ким?
18:26, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020212 27-январга карата аба ырайы
Учурда окулуп жатат
21:30, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020 (5 адам окуп жатат)
Сүрөт — Кырктын кырындагы кыргызстандык баатыр энелер
23:46, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020 (4 адам окуп жатат)
Видео — Ысык-Көлдөгү тоо текелер
11:01, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (3 адам окуп жатат)
Сүрөт — Ноокатта баатырдын ысымы эки коңшулаш айылга берилген

Аида Салянова камактан эмне үчүн бошотулганын түшүндүрдү

На русскомEnglish
12:54, Баш оона айынын он алтысы, 2019 507

Баракелде -  «Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө мага түшүнүү менен мамиле кылды. Ошондуктан мени камактан бошотушту». Мындай билдирүүнү мурунку башкы прокурор Аида Салянова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал ошондой эле операцияга даярданып жатканын жана бир нече убакыт байланышта боло албай турганын кошумчалады.

ЖАМКтын маалыматына ылайык, А.Салянова Кыргызстандын шартында операция жасатуудан баш тарткан.

Буга чейин ИИМдин маалыматында: «Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жактоочунун катышуусунда Салянова тергөө менен кызматташууга макул экенин билдирди. Буга байланыштуу жаңы мыйзамдар боюнча буга чейинки баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү», - деп айтылган.

-----------------------------------------------

А.Салянова 4-июнга караган түнү «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалган. Үй камагына 15-августта Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ага коррупция беренеси боюнча айып тагылган. 5-июлда Бишкек шаардык соту аны 26-августка чейин СИЗО-1 мекемесинде камакта калтыруу чечимин чыгарган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком