18:09, Үчтүн айынын он сегизи, 2020

Кой-Таштагы окуялар: Милиция 29 жаштагы шектүүнү кармады

На русскомEnglish
21:39, Баш оона айынын он төртү, 2019 797

Баракелде -  ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында дагы бир шектүү кармалды. Ал 1990-жылы туулган жигит экенин бүгүн, 14-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармакка атайын багыттагы аскер Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектүү делген адамдын видеосу тараган. Видеодо Ниязбеков А.Атамбаевдин тарапташтары андан тартып алган автомат менен атылганы айтылат. ИИМ бул маалыматты четке кагып, учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканын билдирди.

«Үсөнбек Ниязбеков өзүнүн автоматынын атылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Алынган бардык куралдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы чыга элек. Анын өлүмүнө тиешелүү көрсөтмөлөр сотко чейинки өндүрүштүн алкагында текшерилип жатканын белгилейбиз», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком