07:22, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Вице-премьер Ж.Разаков Баткенде чек арага жакын жашаган тургундар менен жолугушту

На русскомEnglish
18:33, 14 баш оона 2019 23

Баракелде -  Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы жумуш сапарынын алкагында Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарынын жашоочулары менен Көк-Таш айылында жолугушту. Жолугушууга 150дөй адам катышканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тургундар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо, социалдык объекттерди, инфратүзүмдүк объекттерди куруу, ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо, жерлерди трансформациялоо маселелерин көтөрүштү. Ал эми Жеңиш Разаков өкмөт тарабынан чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

«Өкмөт чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүү маселесин артыкчылыктуу деп эсептейт. Биз үчүн эң башкысы — коопсуздукту, коомдук тартипти камсыздоо жана социалдык жана инфратүзүмдүк маселелерди чечүү болуп саналат. Мен ошондой эле биримдикке, достукка, тилектештикке чакырам. Айрыкча кыйын кырдаалдар түзүлгөн мезгилде бардык маселелер сүйлөшүүлөр жолу менен конструктивдик нукта чечилиши керек», - деди ал.

Өзгөчө макамга ээ, чек арага жакын айрым аймактарында коопсуздукту камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү мамлекеттик программаларынын экинчи баскычын ишке ашыруунун 2018-2020-жылдарга карата иш-чаралары өзүнө жалпы суммасы 296 млн 250 миң сомдук 33 иш-чараны камтыйт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком