03:14, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020250 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020140 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?

А.Атамбаевге дагы эки айып коюлду

На русскомEnglish
17:55, Баш оона айынын он төртү, 2019 333

Баракелде -  Аскердик прокуратура тарабынан Алмазбек Атамбаевге эки факт боюнча айып тагылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

«Коюлган айыптар «Форум» имаратынын менчикке өткөрүлүп берилишине, ошондой эле Бишкек ЖЭБин модернизациялоого тиешелүү», - деди жактоочу.

Буга чейин Башкы прокуратура А.Атамбаев төмөнкү кылмыш иштери боюнча шектелип жатканын билдирген:

1. укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу;

2. массалык баш аламандык уюштуруу;

3. адам өлтүрүүнү уюштуруу;

4. адам өмүрүнө кол салууну уюштуруу;

5. барымтага алууну уюштуруу;

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдиргендей, Атамбаев ошондой эле куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча да шектелип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком