07:17, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Анталияда кыргыз маданияты даңазаланды (сүрөт)

20:38, 14 баш оона 2019 (Жаңыланды: 08:18, баш оона 19 2019) 59

Баракелде -  Июль айында Анталия шаарындагы студенттер, таланттар, активисттер кыргыз маданиятын таанытуу максатында «Ак-Деңиз кечинде кыргыз маданияты жана «Манас эпосу» аттуу иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу «Кыргыз эли» коомунун маданият иштери боюнча жетекчиси Бексултан Алимбеков билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чараны Анталиядагы «Кыргыз эли» коому, «Түркмөн эли» коому, Анталиядагы Түрк дүйнөсүнүн платформасы жана Муратпаша муниципалитети биргелешип өткөрүштү.

«Иш-чаранын алкагында муниципалитеттин алдына боз үй тигилип, ичинде кыргыздын боорсок, чак-чагы менен катар даамдуу тамактары сунулуп, түрк элине кыргыз маданияты тууралуу маалымат берилди.
Аталган коомдордун мүчөлөрү эртең менен чогулуп, Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка жана замбирекчи капитан Мустафа Эртугрул атындагы паркка гүлчамбар коюшуп, таазим кылышты. Андан соң Түркиянын ар кайсы шаарларынан жана Кыргызстандан ырчы-чоорчулар, мекендештер келе башташты.

Уюштуруучулук милдетти аркалаган «Кырыз эли» коому Кыргызстандан келген конокторду тосуп алып, концерттик программа тартуулашты. Программаны жаш талант Бексултан Алимбеков жана Кастамону университетинде билимин тереңдетип жаткан Нурзаада алып барышты.

Иш-чара «Манас» эпосу жөнүндө маалымат берүү менен башталып, концерттик программа менен коштолду. Ачылышында уюштуруучулар «Кыргыз эли» коомунун башчысы Рысгүл Кадырова жана «Түркмөн эли» коомунун башчысы Юнус Баятлы коомдун максаттары жана жасап жаткан иштери тууралууу маалымат беришти.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков «Манас» эпосунун үч томдугун Муратпаша муниципалитетинин башчысынын орун басарына тапшырды. Ал эми Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзура Жумакунова айкөл Манастын балалык чагынан тартып бул дүйнө менен кош айтышканда кыргыз элине калтырган таасирин, анын маани-маңызын, элибизде Манас деген ким экенин түрк туугандарга өз баяндамасы аркылуу түшүндүрүп берди.

Ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен барган доцент Алпаслан Ашык дагы «Манас» эпосу тууралуу айтып, аны улай эпостон үзүндүлөр айтылып, «Кыргыз эли» коомунун мүчөлөрүнөн турган топ «Манастын төрөлүшүн» сахнада чагылдырып беришти.

Концертте Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова, эмгек сиңирген артист Гүлзада Рыскулова өздөрүнүн патриоттук ырларын ырдашты. Ошондой эле обончу-композитор, виртуоз-аккордеонист Догдурбай Урмамбетов өзүнүн автордук ырларын аткарып берди. Анын кызы Лира Урмамбетова да ырлары менен кошо дизайнердик өнөрүн, заманбап шөкүлөнүн үлгүлөрүн көрсөткөн. «Манас» университетинен барган комузчу, ырчы Буэфиза Турматова да өз өнөрүн тартуулады.

Иш-чаранын соңунда «Кыргыз эли» коому тарабынан түзүлгөн «Ала-Тоо таланттары» чыгармачыл тобунун солисти Гүлжан Усупбаева, Орозбек Тоялиев, Кастамону шаарынан барган Нурзат Абдраим кызы Анталиядагы Орозбек Тоялиев, Бексултан Алимбеков сыяктуу ырчылар ырдап, Рамис Таалайбеков комуздун коштоосунда ыр аткарып берди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком