07:21, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектик тургундун телефонун күч менен тартып алган адам кармалды

17:25, 14 баш оона 2019 21

Баракелде -  Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 13-августта Ленин РИИБге шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал 13-августта болжол менен саат 22:00 чамасында Ахунбаев менен Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонуп, 6 миң сомдук «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун тартып алган белгисиз жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Ленин РИИБ тарабынан Жазык кодексиндеги 201-берене (тоноо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ленин РИИБдин 2-бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган жаран кармалды. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүрүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком