07:25, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

А.Атамбаев эки орундуу камерага камалган

На русскомEnglish
16:46, 14 баш оона 2019 456

Баракелде -  Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов жана борбордун Чүй облусу боюнча өкүлүнүн милдетин аткаруучу Мирлан Жакыпов бүгүн, 14-августта УКМКнын убактылуу кармоочу жайына барып, Алмазбек Атамбаев кандай шартта кармалып жатканынан кабар алышты.

Н.Сулаймановдун айтымында, Атамбаев эки орундуу камерага камалган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал тергөө изоляторунун кызматкерлеринин жана тергөө органдарынын иш-аракеттерине даттанган жок. Кармоо шарттары алгылыктуу, бардык дары-дармектер бар экенин, кызматкерлердин сый мамилесин, медициналык кароо болуп (күнүнө 3 жолу кан басымы ченелет), жактоочунун жардамын алып жатканын белгиледи.

«Ал камерадагы жарыкты түнкүсүн өчүрүп жана эшикти жаап коюуну суранды. Муну менен катар эле Атамбаев камераны жарыктандыруу жана эшикти ачык калтыруу анын коопсуздугун камсыздоо үчүн көрүлгөн чаралар экенин белгиледи», - деп айтылат маалыматта.

Кыйноолорду алдын алуу борбору Атамбаев алгылыктуу шартта кармалып жатканын белгилейт жана УКМКнын жетекчилигине Атамбаевдин суранычын кароону сунуштайт.

А.Атамбаев 8-августта Кой-Таштагы үйүндө кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 26-августка чейин камалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком