07:20, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

UFC'нин жаңы рейтинги: Валентина Шевченко Конор Макгрегорду артка калтырды

На русскомEnglish
16:09, 14 баш оона 2019 372

Баракелде -  Аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпион — кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунда мыкты мушкерлердин рейтингинде (салмак даража эске алынбайт) бир орунга жогорулады. Жаңыланган тизме 11-августта Уругвайда өткөн турнирден кийин түзүлдү.

Шевченко америкалык Лиз Кармушту жеңип, экинчи жолу чемпиондук курун коргоп калган болчу. Ал жаңы рейтингде чемпиондук наамын коргоп, ошондой эле 12-катарга көтөрүлдү. Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагы мурунку чемпиону Конор Макгрегорду артка калтырды.

Ал эми рейтингдин сап башын америкалык мушкер — UFC уюмунун оор салмактагы чемпиону Даниель Кормье ээледи. 2-орунга Жон Жонс, 3-орунга россиялык мушкер — жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедов жазылды.

Снимок экрана от 2019-08-14 15-45-50

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком