07:24, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Экс-чиновник Мурат Суталиновго операция жасалды

На русскомEnglish
15:24, 14 баш оона 2019 278
Мурат Суталинов сот залында
Мурат Суталинов сот залында

Баракелде -  УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновго Новосибирскте операция жасалды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине бүгүн, 14-августта өздүк булактар билдирди.

Суталиновго операцияны эки жума мурун жасашкан. Анын бөйрөгүнөн шишик алынып, боорунун жана он эки эли ичегисинин бир бөлүгүн кесишкен. Ал операциядан кийин химиялык терапиядан өтүшү керек.

Буга чейин 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча сот отурумдарда төрагалык кылган судья Дамир Оңолбеков 2014-жылы 25-июлда Мурат Суталиновду күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми ушул жылдын 7-майында Бишкек шаардык сотунун соттор коллегиясы аны камактан бошотту.

У.Суталинов 4-даражадагы бөйрөк рагынан жабыркайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком