07:24, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Курсан Асановго кылмыш иш козголду, - булактар

На русскомEnglish
11:33, 14 баш оона 2019 4003
Курсан Асанов
Курсан Асанов

Баракелде -  Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго карата кылмыш иш козголду. Ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, ишти Аскердик прокуратура тергеп жатканын булактар билдиришти.

Милициянын генерал-майору Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулганы кечээ, 13-августта белгилүү болду.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматында К.Асанов Кой-Ташта өзүн пиарлоо менен алектенгени айтылат.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенип, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип, окуянын жүрүшүн видеотасмага тарттырганы, курал-жарактарды кармаганга болбостугуна, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала турганына, фото-видеого атайын кызматкерлер гана тарта турганына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталган. Бул анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болду», - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк К.Асанов кызматынан бошотулушу боюнча билдирүү таратып, ИИМдин айыптоолоруна макул эмес экенин айтты.

320-берене. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу

1. Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусу, атайлап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе:

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзү, же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган ошол эле жосун:

VI категориядагы айып салууга, же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган этиятсыздыктан оор зыян келтирген жосун:

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар:

IV категориядагы айып салуу менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком