07:25, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Таанышын алдаган шектүү 2 унааны жарым баасына күрөөгө таштап кеткен

11:29, 14 баш оона 2019 (Жаңыланды: 21:29, баш оона 18 2019) 49
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

26-июнда РИИБге К.Ж. (эркек киши) аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анын таанышы (эркек киши) 18 миң 300 долларга бааланган «Мерседес-Бенц Спринтер 211» жана «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааларын карызга алган. Жалпы суммадан 2 миң 900 долларды берип, калганын бир ай аралыгында төлөп берүүнү убада кылган. Бирок кийинчерээк ал унааларды болгону 7 миң долларга күрөөгө таштап кеткен.

Жабырлануучунун материалдык чыгымы 16 миң 400 долларды түздү. Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иши башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүү жаран кармалды. Шектүү — 1977-жылы туулган Б.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Октябрь райондук соту 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алган. Тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком