00:59, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
21:13, Үчтүн айынын он тогузу, 202035 Дүйнөдөгү эң кичинекей адам 28 жашында көз жумду

Эсептөө палатасынын инспектору 200 миң сом пара талап кылган

На русском
11:28, Баш оона айынын он төртү, 2019 138
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан Эсептөө палатасынын инспектору кармалды. Ал үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен пара талап кылганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын апрель айында Э.К. аттуу инспектор Ленин райондук №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 000 сом пара талап кылган. Апрель айында аталган мекеменин кызматкери Ш.М. инспекторго 60 000 сом берген. Кийинчерээк калган акча каражатын кызматкерлерден чогултуп бермек.

«Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 26-июлда кармалган Э.К. күнөөсүн мойнуна алгандыгы тууралуу арыз берип, Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Ал эми Ш.М.га карата Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалды. Ал эч жакка кетпөөсү керек. Учурда тергөө жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком