07:25, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Дүйнөнү багындырам»: Чыпалак баатыр өз өнөрүн дүйнөлүк сынакта көрсөтөт

На русском
11:15, 14 баш оона 2019 71

Баракелде -  Чыпалак баатыр катары таанылган Зарылбек Аликенов «Central Asia’s Got Talent» дүйнөлүк сынагына катышып жатат.

Зарылбек Аликенов 1986-жылы 21-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жетиген айылында төрөлгөн. Анын айтымында, мектепте окуп жүргөндө математика жана дене тарбия сабактарын жакшы көрчү. Ал катышып жаткан сынакка ар түрдүү өнөр ээлери чогулган.

«Азыр биз Балхаштабыз. Буга чейин Казакстандын Алмата шаарында болдук. Жакында эле Кыргызстанда өткөн «Дүйнөлүк таланттар шоусу» сынагынан өтүп кеттим. Бул чоң долбоор экен. Андан соң Казакстанга ушул сынак боюнча чакыруу келди. Буга бүткүл дүйнөдөн өзгөчө таланты бар адамдар катышып жатышат. Жыйынтыгы сентябрь айында белгилүү болот.

Анда мен өзүм ойлоп тапкан өтө оор ыкмаларды көрсөтөм. Мисалы, 460 кг салмактагы көтөрүүгө ыңгайы жок ташты көтөрөм. Негизи 25тей оор ыкмаларым бар. Аны эч ким жасай албайт. Эми буюрса бүткүл дүйнөгө таанылганы турам. Алдыга койгон максаттарым, ойлорум четинен ишке ашып келе жатат» - деди ал.

Маалымат үчүн:

«Central Asias Got Talent» сынагына кастинг Кыргызстанда бул жылы башталат. Мындан тышкары Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда өтөт.

Бул сынак бир нече этаптардан турат. Финалга чыккан адам 26 миң доллар өлчөмүндө байге алат. «Central Asias Got Talent» шоусун сентябрь айында төрт өлкөдө өткөрүү пландалды. Ал эми гранд-финал-шоу декабрь айында өтөт.

Буга чейин кыргызстандыктар «Got Talent» таланттар шоусунун сынагына катышкан. 2016-жылдын май айында бийчи Атай Өмүрзаковдун «Тумар» командасы «Britains Got Talent» сынагынын жарым финалына чыккан. Ошондой эле Кытайдагы сынакта өнөрлөрүн тартуулашкан.

Ал эми «Адем» бий тобу 2017-жылдын декабрь айында «Asias Got Talent» сынагынын финалына чейин жеткен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком