16:11, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тажикстандагы абакта козголоң уюштурган Амирали Давлатов өмүр бою эркинен ажыратылды

На русском
10:18, 14 баш оона 2019 59

Баракелде -  Тажикстандын Жогорку соту Худжанд шаарындагы абакта баш аламандык уюштурган Амирали Давлатовду өмүр бою эркинен ажыратты. Амирали Давлатов менен абактагы жаңжалга катышкан 32 адамга карата чечим өткөн айдын аягында чыккан. Бул тууралуу «Озоди» радиосу билдирди.

2018-жылы 8-ноябрга караган түнү күчөтүлгөн тартиптеги абактан чыккан жаңжалдан расмий маалымат боюнча абактагы 21 адам көз жумган. Ошондой эле абактын эки кызматкери өлтүрүлүп, 5 күзөтчү оор жаракат алган.

Тажикстандын Жогорку соту азырынча соттук процесс тууралуу расмий билдирүү тарата элек. Маалыматтарга караганда, баш аламандыкка катышкандар адам өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү, бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү беренелери боюнча айыпталган.

«Камактагылардын айрымдары, анын ичинен Амирали Давлатов өмүр бою эркинен ажыратылды», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Амирали Давлатовдун жубайы Окиламо Давлатова 13-августта «Озоди» радиосуна жаңы чыккан чечим тууралуу күйөөсү менен болгон акыркы жолугушууда билгенин кабарлаган.

«Ал бул соттун чечимине макул эмес, арызданат. Баш аламандык болгон түнү күйөөм абактагы жолугушуу бөлмөдө биз менен болчу. Жаңжал тууралуу билген эмес. Эгерде билсе, мени жолугушууга чакырып, кышкы кийимдерин сурамак беле?», - деди Окиламо Давлатова.

Буга чейин бийлик Амирали Давлатовду абактагы жаңжалдын уюштуруучусу деп атаган. Булактар тастыктагандай, баш аламандыкка даярдануу төрт айга созулган. Амирали Давлатов «Маханов тобунун» мүчөсү болгон. 2014-жылы 20-мартта Алимурод Махановдун тобу террорчулукка айыпталган. Топтун башчысы Маханов 21 жылга, Амирали Давлатов 19 жылга эркинен ажыратылган.

«Биздин максат президентти шайлоо убагында Дүйшөмбүнү жардыруу болгон. Ошондой эле биз УКМКнын жана ИИМдин имаратын жардырмакпыз», - деген топтун башчысы Алимурод Маханов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком