07:20, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Курсан Асанов кайсы кызматтарда иштеген?

На русском
09:28, 14 баш оона 2019 204
Курсан Асанов
Курсан Асанов

Баракелде -  Генерал-майор, ички иштер министринин мурунку орун басары Асанов Курсан Сатарович 1966-жылы 31-августта Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган. Ал ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулганы кечээ, 13-августта белгилүү болду.

Генерал-майор тууралуу эмне белгилүү?

- 1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

- 1991-1992-жылдары — ИИМдин өзгөчө багыттагы милициянын отрядынын 6-ыкчам ротасынын аскери;

- 1992-1994-жылдары — ИИМдин өзгөчө багыттагы милициянын отряды, ротанын командири;

- 1994-1997-жылдары — Ош ОИИБдин Кайгуул-күзөт кызматынын 6-ротасынын командири;

- 1997-1999-жылдары — Жалал-Абад ОИИБдин кылмышкер издөө бөлүмүнүн опер кызматкери;

- 1999-2000-жылдары — Жалал-Абад ОИИБдин кылмышкер издөө бөлүмүнүн ага опер кызматкери;

- 2000-2001-жылдары — Базар-Коргон РИИБдин кылмышкер издөө бөлүмүнүн башчысы;

- 2001-2002-жылдары — Жалал-Абад ШИИБдин кылмышкер издөө бөлүмүнүн башчысы;

- 2002-2004-жылдары — Ош ОИИБдин кылмышкер издөө бөлүмүнүн башчысы;

- 2004-2005-жылдары — Ош ОИИБдин кылмышкер издөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- 2005-2008-жылдары — Кара-Суу РИИБдин жетекчиси;

- 2008-жылы — Ош ОИИБдин 9-бөлүмүнүн башчысы;

- 2008-2009-жылдары — Ош ОИИБдин кылмышкер издөө бөлүмүнүн башчысы;

- 2009-2010-жылдары — Өзгөн РИИБдин жетекчиси;

- 2010-жылы — Ош ШИИБдин башчысынын орун басары, Ош ШИИБдин башчысы, Бишкектеги Свердлов РИИБдин башчысы, Ош ШИИБдин башчысы.

- 2010-2011-жылдары — Жогорку Кеңештин депутаты;

- 2011-2019-жылдары — ичики иштер министринин орун басары.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком