07:23, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

К.Жолдубаеванын телефону маанилүү маалыматтарды текшерүү үчүн алынган, - ИИМ

09:24, 14 баш оона 2019 56
Кундуз Жолдубаева
Кундуз Жолдубаева

Баракелде -  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын уюлдук телефонун тартып алууга байланыштуу маалымат таратты.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 244-берене (барымтага алуу) менен катталган факт сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Анын алкагында К.Жолдубаеванын уюлдук телефондорундагы маалыматтарды аныктоо иштери жүргүзүлгөнү айтылган.

«Аталган факт боюнча күбө катары КСДПнын төрайымынын орун басары К.Жолдубаева суралып, ал А.Атамбаевдин үйүндө (Кой-Таш айылындагы) болуп жаткан окуяларды өзүндөгү уюлдук телефондорго тартканын айткан. 10-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтомунун негизинде К.Жолдубаеванын уюлдук телефондору сотко чейинки өндүрүшкө маанилүү болгон маалыматтарды аныктоо жана алуу максатында текшерүүгө алынган», - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком