07:23, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Көкташ—Аксай—Тамдык жолунун курулушу текшерилди

08:48, 14 баш оона 2019 58

Баракелде -  Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы жумуш сапары учурунда Көкташ—Аксай—Тамдык унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иштерине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Аксай—Тамдык унаа жолунун курулушу боюнча аткарылып жаткан иштерди текшерди.

«Көкташ—Аксай—Тамдык унаа жолунда курулуш иштери башталган. Жалпысынан курулуш башталгандан бери 21 км жол курулган. Республикалык бюджеттен 2019-жылга карата аталган унаа жолдогу жол курулуш иштерине «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 120 млн сом өлчөмүндө каражат каралган», - деп айтылат маалыматта.

Алардын ичинде:

- 50 млн сом Көкташ—Аксай жол участогунун бетине асфальт-бетон төшөө үчүн багытталган. Учурда 7 км узундуктагы трассага асфальт-бетон төшөө иштери башталды;

- 70 млн сом Аксай—Тамдык жаңы жол участогунун курулушуна багытталат, курулуш (жардыруу) иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком