00:22, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
21:13, Үчтүн айынын он тогузу, 202034 Дүйнөдөгү эң кичинекей адам 28 жашында көз жумду

Бишкектеги Киев көчөсү убактылуу эки тараптуу болот

На русском
08:25, Баш оона айынын он төртү, 2019 234

Баракелде -  Бишкек шаарындагы Киев көчөсү убактылуу эки тараптуу болот. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 13-августта Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен баштап Жаш гвардия бульварына чейинки тилкеси оңдоо иштерине байланыштуу жабылды.

Жол оңдоо иштери 28-августка чейин созулат. Ал эми каражат Кытайдан алынган гранттан бөлүндү.

«Жол оңдоо иштерине байланыштуу 3 троллейбустун кыймылынын схемасы убактылуу өзгөрдү. Эми №6 троллейбус Асанбай кичи районуна чейин, №4 жана №8 троллейбустар Киев көчөсү аркылуу каттайт. Ал эми №9 жана №10 троллейбустар 28-августтан тарта жүргүнчүлөрдү ташып баштайт. Аталган тилке аркылуу каттаган кичи автобустардын да маршруту өзгөрдү. №102, 110, 195, 204, 213, 222, 265, 266, 269, 295 кичи автобустар Чүй проспектиси жана Киев көчөсү аркылуу каттайт.

Учурда фирмалар менен маршруттарды сүйлөшүп, тактап жатабыз. Транспорт каражаттары үчүн Киев көчөсү альтернативдик жол болуп, Манас проспектисинен баштап Бейшеналиевага чейинки тилкеси айдын аягына чейин эки тараптуу болот», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком