07:23, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Аскердик наам, класстык чиндер тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилди

19:46, 13 баш оона 2019 245

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков «Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чиндерди жана наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Мыйзам долбоору 2019-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Бул долбоор аталган мыйзамдын жоболорун «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзамдарга ылайык келтирүүгө багытталган жана саясий мамлекеттик, атайын мамлекеттик, муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга класстык чиндерди ыйгаруу үчүн укуктук негиздерди түзө турган тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком