14:25, 6 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

32 жаштагы киши 6,5 миң долларлык унааны айдап качкан

На русском
18:08, 13 баш оона 2019 160

Баракелде -  Бишкектеги Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан унаа уурдоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү — 1987-жылы туулган Ж.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийинчерээк Октябрь райондук соту шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алган.

26-июнда РИИБге Ж.А. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал 26-июнга караган түнү 11-кичи районундагы үйдүн короосунан 6 миң 500 долларга бааланган «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

«Шектүү белгисиз тарапка качып кеткен. Материалдык чыгым 6 миң 500 долларды түзөт», - деп айтылат маалыматта.

Бул факт Жазык кодексиндеги 206-берене (автотранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү жаран кармалып, унаа ээсине кайтарылып берилди.

Шектүүдөн жабыркагандар болсо 0709767606, 0557767627 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком