14:10, 6 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

ИИМ укук коргоочунун Кой-Таштагы абалга байланыштуу тараткан маалыматын четке какты

На русскомEnglish
17:53, 13 баш оона 2019 207

Баракелде -  Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматка байланыштуу укук коргоочу Рита Карасартованын билдирүүсүн төгүндөдү.

Р.Карасартованын маалыматында Кой-Таш айылынын жашоочусу (аял киши) өз айылына кире албай жаткандыгы, жаракат алган жергиликтүү тургундар ооруканага кайрыла албай, өз күчтөрү менен дарыланып жаткандыгы көрсөтүлгөн.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, айылда баарын кармап, опузалап акча талап кылып, коркутуп жатышканы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

«Андан сырткары айрым маалыматтык агенттиктерде Кой-Таш айылынын жашоочулары дарыгерден жардам алуу үчүн шаардык ооруканага кайрылуудан коркуп жатышат делген материал жарыяланган. Ички иштер министрлиги расмий түрдө 7-8-августта болгон окуялардагы фактылар боюнча иликтөөлөр калыс жана бардык укуктар сакталып, мыйзамдуу ыкмалар менен жүрө тургандыгын билдирет», - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ички иштер органдары тарабынан 7-8-августта болгон окуялар боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

«Ар кандай маалыматтык агенттиктерде жана социалдык тармактарда жарыяланган видеолор, сүрөттөр текшерилүүдө. Ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзамдын алкагында гана өздөрүнүн иштерин жүргүзүшөт. Эч кандай опузалап акча талап кылуулар, коркутуулар, куугунтуктоолор болгон эмес. Эгерде милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамга каршы иш-аракеттер болгон болсо, анда жарандар ИИМге же прокуратурага арызданса болот», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Буга чейин Р.Карасартова социалдык тармактагы баракчасына Кой-Таш айылындагы абал тууралуу ага айтып берген айыл тургунунун кайрылуусун жарыялаган.

Пост Карасартовой

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком