05:29, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020
23:46, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020981 Видео — Ысык-Көлдөгү тоо текелер
21:40, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020106 Сүрөт: Бишкектеги жолдорго 199 тонна туз себилди
21:30, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 20205354 Сүрөт — Кырктын кырындагы кыргызстандык баатыр энелер
20:34, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020156 UFC: Антонина Шевченконун кезектеги атаандашы ким?
18:26, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020212 27-январга карата аба ырайы
Учурда окулуп жатат
21:30, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020 (5 адам окуп жатат)
Сүрөт — Кырктын кырындагы кыргызстандык баатыр энелер
17:30, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020 (2 адам окуп жатат)
Нарындагы тоо лыжа базасында кышкы сезон ачылды. Сүрөт
14:25, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020 (1 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

Курсан Асанов министрдин орун басары кызматынан бошотулду. Себеби...

На русском
17:33, Баш оона айынын он үчү, 2019 14645

Баракелде -  Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 13-августта билдирди.

Милициянын генерал-майору К.Асанов тууралуу буйрукка премьер-министр кол койгон.

ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө: «Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы тарабынан 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялардын жүрүшүндө массалык баш аламандыктарды алдын алуу, коомдук коопсуздукту сактоо, Алмазбек Атамбаевди кармап келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшү боюнча министрдин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталып, Курсан Асановду министрдин орун басары кызматынан бошотуу тууралуу сунуш берилген.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлдү», - деп айтылат.

Ички иштер министрине жаңы орун басар болуп Асанов Памирбек Жумалиевич дайындалды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком