07:18, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги баш аламандыкта 34 камера талкаланды. Жалпы чыгым — 6,9 млн сом

На русском
16:28, 13 баш оона 2019 28

Баракелде -  Бишкек шаарында 9-августка караган түнү болгон баш аламандыктын кесепетинен 39 камера талкаланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында эл чогулуп, массалык баш аламдыкка даярданып жаткандыгы боюнча маалымат түшүп, окуя болгон жерге Бишкек ШИИБдин жалпы кызматкерлери чыгышкан. Милиция кызматкерлери мыйзамсыз чогулуп жүргөн жарандардын ичинен жалпы 40 адамды кармап, Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде 6 киши камалган. Ал эми калган 34 адамдын өздүктөрү такталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн», - деп айтылат маалыматта.

«Ала-Тоо» аянтындагы массалык баш аламандык, шаардын ичиндеги ээнбаштык жана бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу боюнча жалпы 5 факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

«Баш аламандыктын кесепетинен Бишкек шаарында жалпы 34 видео камера, анын ичинен 27 даана сырткы системалык видео көзөмөл жана 7 даана аппараттык программалык комплексинин видео камерасы таштар менен талкаланган. Бүгүнкү күндө жалпы келтирилген чыгым болжол менен 6 936 500 сомду түздү. Анын ичинен ИИМге 2 103 500 сом, ал эми Бишкек шаарынын мэриясына 109 826 сомдук материалдык зыян келтирилген. Аталган факттар боюнча Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком