14:06, 6 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кой-Таштагы окуялар боюнча Башкы прокуратуранын билдирүүсү

17:20, 13 баш оона 2019 205
Село Кой-Таш
Село Кой-Таш
// АКИpress

Баракелде -  Башкы прокуратура 7-8-августта Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча маалымат таратты. Ушул жылдын 23-апрелинде Башкы прокуратура тарабынан А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү менен (коррупция) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Башкы прокуратуранын билдирүүсү:

«Тергөөнүн жүрүшүндө Гемотология борборунун дарыгерлери Э.Макимбетовго, И.Цоповага, аталган борбордун башчысы А.Раимжановго, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Д.Сагинбаевага, министрликтин өкүлү К.Бектемировго, өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы З.Рысалиевге, анын кеңешчиси К.Качкыналиевге, аталган мекеменин медициналык-санитардык камсыздандыруу жана уюштуруу башкармалыгынын башчысы А.Асановго, дарыгер Ф.Атаходжаевге, Жазык аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын мурдагы прокурору М.Акматалиевге, прокурордун мурдагы жардамчысы К.Жуматаевге, мурдагы башкы прокурор А.Саляновага, УКМКнын төрагасынын кеңешчиси М.Бекеновго, мурдагы вице-премьер министр Ш.Атахановго, Нарын шаардык сотунун төрагасы Ж.Эрматовго, жактоочу А.Касымовго, Коопсуздук кеңешинин катчысы Б.Табалдиевге Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмүнүн (коррупция), 329-беренесинин 1-бөлүмү (кызматтык жасалмачылык), 359-беренесинин 3-бөлүмү (документтерди жасалмасы), ошондой эле А.Атамбаевге карата Жазык кодексинин 43-беренеси, 319-беренесинин 2-бөлүмүндө (коррупцияны уюштуруу) көрсөтүлгөн кылмыштар менен шектенүү жөнүндө кабарламалар берилип, сот тарабынан тийиштүү бөгөт коюу чаралары тандалган.

Бүгүнкү күндө И.Цопова, К.Качкыналиев, А.Салянова, М.Бекенов, Ж.Эрматов, А.Касымов жана А.Атамбаев камакка алынып, калган шектүүлөр тергөө менен кызматташууга барышкандыктан үй камагына чыкты. Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Б.Табалдиевге издөө жарыяланган.

2019-жылдын 27-июнундагы Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде мурдагы президенти А.Атамбаевдин экс-президент макамы алынгандан кийин ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу сотко чейинки жүргүзүлүп жаткан өндүрүш иши боюнча күбө катарында суракка алуу үчүн (үч ирет, 08.07.19, 10.07.19, 19.07.19) тергөө органы тарабынан чакыруу баракчалары берилген. Бирок буга карабастан А.Атамбаев Конституцияны жана мыйзамдарды одоно түрдө бузуу жолу менен тергөөгө баруудан баш тартып, 2019-жылдын июнь айынын аягынан баштап Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы үйүндө өзүн коргоо максатында элдик штаб уюштуруп, бийлик органдарына баш ийбөө үчүн таш жана куралдарды даярдап, массалык баш аламандыктарды баштаган.

1-августта А.Атамбаев тергөө органынын 3 жолку чакыруусуна келбегендиктен тергөө тобунун жетекчиси тарабынан А.Атамбаевди тергөөгө мажбурлап алып келүү жөнүндө токтом чыгарылып, аны аткаруу УКМКга тапшырылган.

7-августта тергөө тобунун жетекчисинин токтомун аткаруу максатында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын багыттагы «Альфа» түзүмүнүн кызматкерлери А.Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнө барган учурда алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, массалык баш аламандык уюштурушкан. Мыйзам чегинде кызматтык милдеттерин аткарышып жаткан кызматкерлерди мурдатан даярдалган таштар менен уруп, белгисиз ок атуучу куралдар менен ок чыгарып, куралдуу каршылык көрсөтүшүп, кагылышуу оор кесепеттерге алып келген.

А.Атамбаевди күбө катары суракка алуу үчүн мыйзам чегинде тергөөгө мажбурлап алып келүүнү билип туруп Ф.Ниязов, А.Кылычов, А.Жамгырчиев, К.Смаилов, М.Шаменов жана башкалар массалык баш аламандыкты уюштуруу менен бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү үчүн 1000ден ашык кишини топтошкон жана аларга А.Атамбаевдин кармалышына жол бербөө керек экендигин, ал үчүн атайын алдын ала короого түшүрүлүп даярдалган таштарды курал катары колдонуу керек экендигин элге көрсөтүп турушкан. 7-августта болжол менен саат 19:00 чамасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын багыттагы кызматы тарабынан А.Атамбаевди мажбурлоо жолу менен алып келүү жөнүндөгү токтомду аткаруу учурунда А.Атамбаев жана анын тарапташтары УКМКнын кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, аларга таш ыргытышып, белгисиз ок атуучу куралдар менен ок чыгарышкан.

Ошондой эле окуя болгон жерде мүлктөрдү өрттөшүп, УКМКнын кызматкерлерин сабап, денелерине ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды келтиришкен. УКМКнын атайын багыттагы «Альфа» түзүмүнүн кызматкери Ниязбеков Үсөнбек Ниязбековичке кызматтык милдеттерин аткарып жатканда белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган. Ок көкүрөк тушуна тийип, ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Окуя болгон жерде оор жаракат алган кызматкерлерди бошотушуп, калган кызматкерлерди толук бошотууга мүмкүнчүлүктөрү болсо да, атайлап «Альфа» түзүмүнүн 6 кызматкеринин эркиндигин чектөө менен барымтага алышып, үч шарт коюшкан.

Биринчиси — коомдук коопсуздукту камсыз кылып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин Кой-Таш айылынан чыгарып кетүү. Экинчиси — интернет жана уюлдук байланышты жандандыруу. Үчүнчүсү — А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү тапшырмасын аткарбоо. Ал эми сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен барымтага алынган 6 кызматкерди 20 сааттан ашык кармашып, 8-августта саат 17:00 чамасында бийлик органдарына өткөрүп беришкен.

7-августта Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча жалпы 8 факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды:

- массалык баш аламандык — 1 жазык иши (264-берене);

- киши өлтүрүү — 1 жазык иши (130-берене);

- барымтага алуу — 1 жазык иши (244-берене);

- ээнбаштык — 1 жазык иши (266-берене);

- киши өлтүрүүгө аракеттенүү — 4 жазык иши (39-берене, 130-берене).

Окуя болгон күнү жалпы 47 адам ооруканаларга жаткырылган, анын ичинен 23 адам укук корогоо органдарынын кызматкери. Ооруканага жаткырылгандардын ичинен, ошондой эле УКМКнын атайын багыттагы «Альфа» түзүмүнүн 1 кызматкерине белгисиз ок атуучу куралдан атылган ок көкүрөгүнө тийген, ал эми 2 кызматкери баш сөөгүнөн оор жаракаттарды алышкан. Ал эми Чүй ОИИБдин жетекчиси С.Курманкуловго окуя болгон жерде баш сөөгүнө таш тийип, оор абалда ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал абалы оор болгондуктан Москва шаарына жеткирилди.

Окуя болгон жерде укук коргоо органдары тарабынан жалпы 24 даана ар кандай үлгүдөгү ок атуучу куралдар алынган, анын ичинен 6 даана 7,62 калибриндеги «Калашников» автоматы, 1 даана СВД ок атуучу курал, 1 даана кыска клибрдеги ок атуучу курал, 1 даана СКС ок атуучу куралы, 1 даана «Капрал» ок атуучу куралы, 3 даана тапанча, 1 даана «Сайга» ок атуучу куралы, 7 даана «Помповое» ок атуучу куралы, 1 даана «Фабарм» (Fabarm) ок атуучу куралы, 1 даана «Прогресс» (Progress) ок атуучу курал, 1 даана сайлуу «ТОЗ» ок атуучу куралы, ошондой эле ок-даарылар алынып, тийиштүү соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган. 8-августта Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы жазык иштер боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн 17 тергөөчүдөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлүп, тергөө тобунун башчысы болуп ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары М.Жумабаев дайындалып, жогорудагы иштерди өз өндүрүшүнө кабыл алган.

Тергөө учурунда атайын багыттагы күч органдарынын 6 кызматкерлерин барымтага алуу жана массалык баш аламандык боюнча Ф.А.Ниязовго, К.А.Смаиловго, А.З.Кылычовго, А.М.Жамгырчиевге жана М.Т.Шаменовго Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-2-3-бөлүмү (массалык баш аламандык) жана 244-берененин 2-бөлүмүнүн 1-2-3-4-пункту, 3-бөлүмү (барымтага алуу) менен кылмышка шектенүү жөнүндө кабарламалар берилип, СИЗО-1 мекемесине камакка алынынды.

Ошондой эле куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык баш аламандыкты уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында 6 кызматкерди барымтага алып, 1 кызматкерди өлтүрүү фактылары боюнча А.Атамбаевге карата Жазык кодексиндеги 355-берененин 2-бөлүмү (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 43-берененин 2-бөлүмү (уюштуруучу), 337-берене (прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ишине тоскоолдук кылуу), 264-берененин 1,2,3-бөлүмү (массалык баш аламандыктар), 130-берененин 2-бөлүмүн 1-2-3-15-пункту (адам өлтүрүү), 39-берене (кылмышка аракеттенүү), 244-берененин 2-бөлүмү 1-2-3-4-пункту, 3-бөлүмү (барымтага алуу) жана 253-берененин 2-3-бөлүмү, 4-бөлүмүндө (куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) көрсөтүлгөн кылмыштар менен шектенүү жөнүндө кабарлама берилди. Бүгүнкү күндө жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча ыкчам тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары 8-августта Кой-Таш айылына А.Атамбаевди тергөөгө камсыз кылуу үчүн ИИМдин кызматкерлери барган учурда кайрадан А.Атамбаев жана анын тарапташтары укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүшкөн. Массалык баш аламандык, бөтөн мүлктөрдү жок кылуу же бузуу жана ээнбаштык боюнча 3 факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттого алынды:

- массалык баш аламандык — 1 жазык иши (264-берене);

- бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу — 1 жазык иши (210-берене);

- ээнбаштык — 1 жазык иши (266-берене).

Окуя болгон күнү жалпы Чүй ОИИБдин 26 кызматкери ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Бул факттар боюнча бүгүнкү күндө Чүй ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле 8-августта Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында эл чогулуп, массалык баш аламандыкка даярданып жаткандыгы боюнча маалымат түшүп, окуя болгон жерге Бишкек шаардык ШИИБдин жалпы кызматкерлери чыгышкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери мыйзамсыз чогулуп жүргөн жарандардын ичинен жалпы 40 адамды кармап, Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде 6 киши кармалган. Ал эми калган 34 адамдын өздүктөрү такталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

«Ала-Тоо» аянтындагы массалык баш аламандык, шаардын ичиндеги ээнбаштык жана бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу боюнча жалпы 5 факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттого алынган.

- маасалык баш аламандык — 1 жазык иши (264-берене);

- ээнбаштык — 3 жазык иши (266-берене);

- бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу — 1 жоруктар жөнүндө иш (94-берене).

Жогорудагы окуялардын кесепетинен Бишкек шаарында жалпы 34 видео камера, анын ичинен 27 даана сырткы системалык видео көзөмөл жана 7 даана аппараттык программалык комплексинин видео камерасы таштар менен талкаланган. Бүгүнкү күндө жалпы келтирилген чыгым болжол менен 6 936 500 сомду түздү. Анын ичинен ИИМге 2 103 500 сом, ал эми Бишкек шаарынын мэриясына 109 826 сомдук материалдык зыян келтирилген. Аталган факттар боюнча бүгүнкү күндө Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

2019-жылдын 13-августунда А.Атамбаевге карата Жазык кодексинин төмөндөгү беренелери боюнча шектелүү бар экени жөнүндө кабарлама берилген. Алар — куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык баш аламандыкты уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында 6 кызматкерди барымтага алып, 1 кызматкерди өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракеттенүү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком