15:04, 6 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берип чыкты

На русском
17:31, 13 баш оона 2019 441

Баракелде -  УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев бүгүн, 13-августта ИИМге сурак бергенге чейин 7-августта кайда жүргөндүгү жана эмне кылганын айтып берди.

Анын айтымында, ал Кой-Таш айылында жашайт жана ал күнү үйүндө болгон.

«Ок атылып, үн чыгаруучу гранаталар жарылып баштаганда мен эл менен кошо Атамбаевдин үйүн көздөй бардым. Барсак ал жерде турган балдарды көздөй ок атылып жатыптыр. Ал эми балдар тарабынан таш ыргытылып жатыптыр. Мен элдин алдына чыгып, атайын багыттагы аскерлерге кайрылып, атпагыла деп эки-үч жолу кыйкырдым. Ошондо үн чыгаруучу граната жарылды. Ошол убакта ок атылып, бут жакка тийди. Ошол жерден жаракат алдым», - деди ал.

Ал ошондой эле 11-августта суракка чакырылганын билдирди.

«Мен ошондо Кой-Таш айылында Айт намазда болчум. Ал жерде ар түрдүү сөздөр айтылды. Адил Турдукулов деген жигит Фейсбукка ал жерде мени кармап кетишкенин, чалуулардан кийин бошотулганымды айтып чыкты. Эч кандай кармоо болгон жок. Мен мечиттен чыкканда ИИМдин кызматкерлери келишти. Алар сылык мамиледе келип, чакыруу кагазын беришти. Ошол чакыруу кагазы менен бүгүн бардым», - деди Сегизбаев.

Болжол менен бир жарым саат өткөндөн кийин Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берип чыкты.

Анын айтымына караганда, сурак 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча болду.

«Берилген суроолорго жооп бердим. Эгерде дагы кошумча суроолор болуп калса, жооп берүүгө даярмын. Мен маалыматтарды жарыялабоо тууралуу тил катка кол койдум. Ошондуктан кенен айта албайм», - деди ал.

7-августта Абдил Сегизбаев бутунан жаракат алып, Бишкектеги травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборуна жеткирилген болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком