07:25, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кой-Ташта ок тийип көз жумган полковник мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөт

На русском
20:40, 13 баш оона 2019 167
Усен Ниязбеков
Усен Ниязбеков

Баракелде -  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев Кой-Ташта ок тийип каза болгон полковник Үсөн Ниязбековду мамлекеттик «Эрдик» сыйлыгына сунуштайт. Бул тууралуу О.Опумбаев бүгүн, 13-августта Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, маркум Ү.Ниязбековдон башка кызматкерлер да сыйлыкка көрсөтүлөт.

«Үсөн Ниязбековдун үй-бүлөсүнө бир жолку жөлөк пул, маянасынын 200 эсе көрсөткүчүндөгү каражат 10 жылга төлөнүп берилет», - деди О.Опумбаев.

7-августта кечинде Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын атайын багыттагы кызматынын жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийген. Ал ооруканага жеткирилип, операция жасаган дарыгерлерде өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ок жүрөгүн тешип кеткени айтылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком