15:07, 6 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азиз Батукаев Россияда кандай кылмыш үчүн камакка алынган?

На русскомEnglish
13:31, 13 баш оона 2019 6791
Азиз Батукаев
Азиз Батукаев

Баракелде -  Учурда Азиз Батукаев Чечен Республикасындагы №2 «Чернокозово» түзөтүү абагында жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу «Лента.ру» басылмасы жазды.

«Прайм-Тайм» сайтынын маалыматы боюнча, Батукаевге өкүм 2017-жылы 7-августунда чыгып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 264-берененин 4-бөлүмү (мас абалда унаа башкарып, жол кыймылынын эрежесин бузуу менен этиятсыздыктан улам адам өлүмүнө алып келүү) боюнча айыпталган.

Бүгүн, 13-августта Бишкек шаарындагы маалымат жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: «Азиз Батукаев бүгүнкү күндө Россияда жазасын өтөп, камакта жатат. Аны экстрадицияга сураганбыз. Россия "бизден жазасын өтөп бүтсүн, андан кийин карайбыз" деп жооп берген. Ошол боюнча бул маселе чечиле элек.

Россиянын Башкы прокуратурасы менен эл аралык катнаш бөлүмү аркылуу тез-тезден байланышып турабыз», - деди.

Ал материалдар качан жөнөтүлгөнүн тактаган суроого болжол менен 5-6 ай мурун деп жооп берди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком