18:39, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте баш аламандык уюштурууга аракет жасагандардын артында азыркы жана мурунку депутаттар бар, - министр

На русскомEnglish
12:28, 13 баш оона 2019 1136
Кашкар Джунушалиев
Кашкар Джунушалиев

Баракелде -  Бүгүн, 13-августта Бишкек шаарында 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилери маалымат берип жатышат.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин айтымында, «Ала-Тоо» аянтында баш аламандыкты уюштургандардын арасында мурунку жана азыркы депутаттар бар.

«Ок чыгарбаш үчүн, кан төгүлбөшү үчүн эртең мененкиге чейин мыйзамдуулукту сактоо, коомдук тартипти калыбына келтирүү үчүн убакыт берип, кызматкерлерибизди артка тарттык.

Ички иштер министри катары операция өткөрүү чечимин кабыл алып, атайын кызматкерлер менен Кой-Ташка бардык. Атамбаевдин тарапташтары абдан катуу каршылык көрсөтүштү. Эки сааттын аралыгында каршылык көрсөтүп жаткан тарапташтарын кууп, Атамбаевдин үйүнө барып, эки жолку сүйлөшүүдөн, акырында күч колдонуп, көздү ачыштырган газ колдонобуз дегенден кийин Атамбаев колго түшүп бергенге мажбур болду. Биринчи сүйлөшүүдө Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, анын жан сакчылары чыкпай, каршылык көрсөткөнгө аракет кылышты. Бирок акыры макул болушту», - деди ал.

Министр: «Ала-Тоо» аянтына элди өздөрүнүн планы боюнча чогултуп, алар сиздерге (журналисттер) да каршылык көрсөттү. Арасындагы жаш балдар, соттолгондор менен бийликти алып, шаарды тоноп, ызы-чуу салганга аракет кылышты. Ошолордун аркасында аларды уюштурган мурдагы жана азыркы депутаттар бар экенин айта кетем. Учурда тергөө жүрүп жатат», - деди.

К.Жунушалиев белгилегендей, бүгүнкү күндө 79 милиция кызматкери таш бараңга кабылып, жарадар болду. Алардын ичинен экөөнүн абалы абдан оор.

«Бирок бирөөсү да кан төкпөй, элибизди сыйлап, эч кандай күч колдонгон жок. Ошол күнү, ошол түнү бардык эл биз менен болуп, түн ичинде шаарды тонойбуз дегендерди биз менен кошо кууп жүрүштү», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком