16:13, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азиз Батукаев Россияда жаза өтөп жатат, - башкы прокурор

На русскомEnglish
12:22, 13 баш оона 2019 120

Баракелде -  Учурда Азиз Батукаев Россия Федерациясынын аймагында жазасын өтөт жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 13-августта Бишкектеги маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Азиз Батукаев бүгүнкү күндө Россияда жазасын өтөп, камакта жатат. Аны экстрадицияга сураганбыз. Россия "бизден жазасын өтөп бүтсүн, андан кийин карайбыз" деп жооп берген. Ошол боюнча бул маселе чечиле элек.

Россиянын Башкы прокуратурасы менен эл аралык катнаш бөлүмү аркылуу тез-тезден байланышып турабыз», - деди башкы прокурор.

Ал материалдар качан жөнөтүлгөнүн тактаган суроого болжол менен 5-6 ай мурун деп жооп берди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком