13:45, 6 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

А.Атамбаевдин кичүү уулу Кой-Таштагы чабуулда апасы менен кайда болгонун айтып берди

На русскомEnglish
10:40, 13 баш оона 2019 4425
Кадыр Атамбаев
Кадыр Атамбаев

Баракелде -  Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев 7-8-августта апасы менен Ысык-Көлдө эс алып жүргөн. Бул тууралуу К.Атамбаев өзү «Новые лица» басылмасына берген маегинде билдирди.

«Окуя тууралуу жаңылык порталдарына маалымат чыгары менен билдим. Биз үчүн бул мындай пландагы алгачкы форс-мажор (күтүлбөгөн окуя) эмес. 2010-жылы ушуга окшош окуя болгону эсибизде. Бирок биз чыдамкай адамдарбыз, атам бизди өзүбүздү таштабоого үйрөткөн», - деди ал.

Анын айтымында, чабуул жасалган учурда короодо А.Атамбаев менен көрүшүүгө келген көп адам бар болчу.

8-июлда Алмазбек Атамбаевдин үйүнө экинчи жолу чабуул жасалып, ал колго түшүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком