18:03, 23 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чүй ОИИБдин жетекчисин дарылоо үчүн Москвага алып кетишти

На русском
16:47, 12 баш оона 2019 123

Баракелде -  Кой-Таштагы окуядан жаракат алган Чүй ОИИБдин жетекчиси Самат Курманкуловду Москва шаарына алып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Самат Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулат. Аны которуу үчүн Москвадагы нейрохирургия борборунун атайын бригадасы келген. С.Курманкуловду жубайы менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коштоп барат.

Курманкуловдун абалы оор, бирок туруктуу. Жасалма вентиляциялык жабдыкта которулду.

«Министрлик менен дарыгерлер Самат Курманкуловдун өмүрүн сактап калуу үчүн баарын жасашты. Онлайн кеңешме, ошондой эле москвалык дарыгерлердин кароосунан кийин Курманкуловду дарылоо үчүн Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которуу чечимин кабыл алдык. Министрлик анын дарылануусун көзөмөлө алат», - деди Каратаев.

Буга чейин 11-августта Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунда Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловдун абалы боюнча дарыгерлердин кеңешмеси өткөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун адистери — Полупан Александр Александрович жана Латышев Ярослав Александрович катышкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком