01:52, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Абактагы адам депутатка телефон чалып, А.Атамбаев менен жолуктурууну убадалаган

На русскомEnglish
13:48, 12 баш оона 2019 661
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  ИИМдин кызматкерлери тарабынан Президенттик аппараттын атынан Жогорку Кеңештин депутатына, КСДПнын басма сөз катчысына, министрликтерге жана мамлекеттик органдарга телефон чалган киши аныкталды. Ал абактагы адам экенин ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт боюнча Ички иштер министрлиги ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү менен бирге телефон чалгандар ким экендигин аныктап, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштады.

«Алдын ала иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө СИЗО-1 мекемесинде алдамчылык менен соттолуп, жазасын өтөп жаткан 32 жаштагы Темир Калмырзаев өзү менен кошо алдамчылык менен соттолуп, жазасын өтөп жаткан 37 жаштагы Талгат Игисиновдун телефонун алганы такталды. Ал телефон менен Президенттик аппараттын өзгөчө жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып (үнүн өзгөртүү менен), коомдо болуп жаткан көрүнүштөр боюнча жалган маалыматтарды тараткандыгы аныкталды.

Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө Темир Калмырзаев түшүнүк берип, анда кимдерге чалгандыгын айтып, алардын аты-жөнүн толук жазып берди. Темир Калмырзаев Жогорку Кеңештин депутаты А.Кодураңовага Президенттик аппараттын жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып, камакта жаткан А.Атамбаев менен жолугушуу уюштуруп берүү тууралуу убада берген. Ошондой эле КСДПнын басма сөз катчысы К.Жолдубаевага да телефон чалып, 7-8-августтагы окуялар боюнча толук маалымат алып турган.

Мындан сырткары Темир Калмырзаев түрмөдө жатып алып Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Г.Молдобековага, транспорт министринин орун басарына, Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерине, Экономика министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга телефон чалып, кандай иштер аткарылары, кандай иштер пландалып жатканы боюнча маалымат алган. Учурда Темир Калмырзаев менен Талгат Игисинов түрмөдө жазасын өтөп жаткандар үчүн өзүнчө түрмөгө камалып, телефон далил катары алынды. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Аталган шектүүлөрдөн жабыркагандар 312 26-62-61 (ИИМдин Криминалдык милиция кызматы) кайрылса болот.

Шектүүлөр

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком