18:34, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Милиционер Бишкектеги баш аламандыкка шектелген адамды бутка чапкан

На русскомEnglish
11:17, 12 баш оона 2019 516
// АКИpress

Баракелде -  Бишкек шаарындагы баш аламандыкка шектелип кармалган адамды милиция кызматкери бутка чапкан. Бул тууралуу АКИpress агенттигине бүгүн, 12-августта Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, борбордун кызматкерлери шектүүлөр — К.К., А.Д. жана А.Ж. менен сүйлөшүп, алардын денесине кароо жүргүзүштү.

«К.К. сол бутунан жаракат алган. Аны Биринчи май РИИБдин кызматкери бутка чапкан. Бул тууралуу убактылуу кармоочу жайдын жаракаттар катталган журналында жазылган. Ошондой эле шектүүнүн буту рентгенге тартылды. Бул факт боюнча Кыйноолорду алдын алуу борбору Биринчи май райондук прокуратурасына кат даярдады», - деди ал.

9-августка караган түнү Бишкек шаарында болгон баш аламандыкка шектелип кармалган 5 адам 9-октябрга чейин камакка алынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком