00:47, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ысык-Көлдө ак чардактын 5 түрү байырлайт

На русском
09:54, 12 баш оона 2019 80

Баракелде -  Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жем жетишсиз болгондуктан Ысык-Көлдөгү ак чардактар учуп кеткени тууралуу маалыматты четке какты.

Агенттиктин маалыматы боюнча, учурда Ысык-Көлдү ак чардактын 5 түрү байырлайт.

«Тынчсызданууга негиз жок. Агенттиктин кызматкерлери жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы канаттуулардын саны нормада экенин көрсөттү. Жем базасы жетиштүү, анын кескин азайганы байкалган жок. Мындан тышкары ак чардактар жемди суудан да, кургактан да табат. Алар суудагы майда жандыктардан баштап балыкка чейин кармап азыктанышат. Балык, моллюска, муунак буттуулар, учуучу жандыктар жана суудагы курт-кумурскаларга ууга чыгат. Башка канаттуулардын уясын бузуп, жумурткасы менен азыктанат. Ошондой эле ак чардактардын көбү өздөрүнө азык табуу үчүн азык-түлүк таштандыларына барат», - деп айтылат маалыматта.

Ак чардактар маарак түспөлдүүлөргө кирет. Алар акваторияларды, көлмөлөрдү, ошондой эле калктуу конуштардын аймагын байырлайт. Алардын салмагы 100 граммдан 2 килограммга чейин жетет. Эң кичинекей ак чардактын салмагы 100-150 грамм, канаты 70 сантиметрди түзөт. Ал эми эң чоң деңиз ак чардагынын салмагы 2 килограммдан ашып, канаты 176 сантиметрге чейин жетет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком