07:50, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020226 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201356 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020131 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

А.Атамбаевдин камактагы тарапташтарынын доосу жок, - Кыйноолорду алдын алуу борбору

На русскомEnglish
09:08, Баш оона айынын он экиси, 2019 200

Баракелде -  Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган тарапташтарынын доосу жок. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Кечээ, 11-августта күндүн экинчи жарымында борбордун кызматкерлери Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Кыяс Смаилов жана Амантур Жамгырчиев камалган Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барышкан.

«Убактылуу кармоочу жайда кызматкерлер камактагылар менен сүйлөшүп, алардын денесине кароо жүргүзүшкөн. Жамгырчиевдин сол көзү канталап калган. Анын айтымында, жаракатты камалганга чейин алган, бул убактылуу кармоочу жайдын жаракаттар журналына жазылган», - деди ал.

Ошондой эле Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү болгон окуядан кийин кармалган Марат Шаменов текшерилди. Ал кечээ, 11-августта кармалган, баш коргоо чарасы бүгүн тандалат.

«Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлеринин айтымында, кармалгандар 12-августта СИЗО-1 мекемесине жеткирилет», - деди Н.Сулайманов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком