07:19, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Эгиздин түгөйү болчу»: Кой-Ташта ок тийип көз жумган полковникти курсташы эскерди (сүрөт)

На русском
16:43, 11 баш оона 2019 5664
Үсөнбек Ниязбеков
Үсөнбек Ниязбеков

Баракелде -  7-августта кечинде Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын атайын багыттагы кызматынын жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийген. Ал ооруканага жеткирилип, операция жасаган дарыгерлерде өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

«Баракелде» басылмасынын кабарчысы маркум Ү.Ниязбековдун курсташы Улан Дүйшөналы менен маектешти.

«А.Атамбаевди Кой-Таштагы үйүндө кармоо боюнча операцияда каза болгон атайын багыттагы аскер Үсөн Ниязбеков менен бирге 1987-жылы Фрунзедеги [азыркы Бишкек шаары] Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде бир взводдо окуганбыз. Ал жылдары аскердик учкучтар взводу бар болчу. Үч жылдык окуу мезгилинде бир партада да отуруп калганбыз. Асан деген эгизи бар. Ал да биз менен, тактап айтканда биздин курста, бирок башка взводдо окуган. Үсөн математика, информатика сабактарын артыкчылык менен окучу.

Ал кезде 15 жаштагы өспүрүм элек. Бир жолу Канат аттуу бала менен мушташа кеттим. Ошондо бир бала келип мага болушуп, ажыратып калган. Ошол бала Үсөн болчу. Бул окуя эсимде калыптыр», - деп эскерди Улан Дүйшөналы.

--------------------------------------------------

9-августта Бишкектин 7-кичи районунда Үсөнбек Ниязбеков акыркы сапарга узатылган.

Үсөнбек Ниязбековго көзү өткөндөн кийин полковник чини ыйгарылганын 9-августта маркумду акыркы сапарга узатууда УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев билдирген.

Ү.Ниязбеков ушул жылдын сентябрь айында улуттук коопсуздук органдарынын полковник чинин алмак.

Маркумду акыркы сапарга узатууда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, генерал-майор, «Альфа-Антитеррор» коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков сөз сүйлөп, үй-бүлөсүнө көңүл айтышкан.

--------------------------------------------------

Үсөнбек Ниязбеков 1972-жылы Оштогу Ноокат районунун Бел-Өрүк айылында туулган. Ош техникалык университетинен жогорку билим алган.

Ушул жылдын февраль айында УКМКнын атайын багыттагы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган болчу. Кызматы үчүн «Эрдик» төш белгиси жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Маркумдун артында 4 баласы калды. Апасы Өктөм Мамаева көп жылдардан бери Санкт-Петербург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы болуп иштеп келет. Ал эми атасы Ош шаарында жашайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком