11:11, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Американын юмордук шоусу түркмөн президентин шылдыңга алды

На русскомEnglish
13:39, 10 баш оона 2019 1252

Баракелде -  8-августта Американын белгилүү «Comedy Central» юмордук каналы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго арналган берүүнү көрсөттү. Анда президенттин өлүмү тууралуу тараган ушакка түркмөн өкмөтүнүн реакциясы кандай болгону баяндалган. Бул тууралуу «Түркмөнстандын хроникасы» басылмасы билдирди.

Алып баруучу Тревор Ноаны президенттин мен тирүүмүн деп айтып койгондун ордуна эс алуусун видеого тартып жатканы таң калтырды.

«Бирок президенттин студияда ыр жаздырып отурганы анын тирүү экенин тастыктабайт. Мен азыр музыкалык студияда Тупактын (1996-жылы өлтүрүлгөн реп ырчысы) видеосун көрсөтө алам. Бирок бул анын тирүү экенин билдирбейт… же билдиреби?!», - деп таң калды алып баруучу.

«Президент боулингди жөн гана ойноп койбой, ошол эле учурда жогорку натыйжаларды көрсөтүшү керек», - деп айтылат программада.

Видеосу бул шилтемеде.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком