03:13, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

ИИМ: А.Атамбаевдин эки тарапташы абакка киргизилди

На русском
11:21, 10 баш оона 2019 1037
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  КСДПнын штабынын өкүлдөрү А.Кылычев жана А.Жамгырчиев Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы УКМКнын кызматкерлеринин барымтага алынышы жана Кой-Таштагы массалык баш аламандык боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

«9-августта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында А.Атамбаевдин тарапташтары суралып, мыйзамдын чегинде тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле соттун чечими менен «Медиа форум» акционердик коомунун жана «Апрель ТВ» телевидениесинин мүлкү камакка алынды.

УКМКнын кызматкерлеринин барымтага алынышы жана массалык баш аламандык боюнча КСДПнын штабынын өкүлдөрү А.Кылычев менен А.Жамгырчиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком