01:58, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020146 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Төрт өлкөнүн премьер-министрлери Чолпон-Атадагы эл аралык фестивалга барышты (сүрөт)

На русском
10:33, Баш оона айынын ону, 2019 156

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Армениянин премьер-министри Никол Пашинян, Белоруссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Чолпон-Ата шаарынын «Рух Ордо» маданий борборунда өткөн классикалык жана жаз музыкасынын эл аралык «Tengri Music Festival» фестивалына барышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, фестиваль өкмөттүн колдоосунда алгач ирет Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүүдө. Фестивалга Кыргызстан, Россия, Армения, Казакстан, Белоруссия, Германия жанан Австриянын атактуу музыканттары катышып жатат.

Аткаруучулардын арасында азыркы учурдун белгилүү гитаристтеринин бири Артем Дервоед, жаз ырчысы, вокалист Карина Кожевникова, Австриядан меццо-сопрано Хайдемария Обертюр, эл аралык сынактардын лауреаты, заманбап музыка аткаруучусу Олег Лундстрем атындагы биг-бэнд солисти, трубач Ростислав Кочетов, чоң театрдын легендарлуу армян тенору Гор Арсенян, көрүнүктүү кыргыз опера ырчысы, европалык публиканы багындырган сопрано Эамиля Раимбекова, жаз мэтри, пианист Лев Кушнир бар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком