01:52, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Кой-Ташта Атамбаевдин үйү тараптан ок атуучу курал табылды

На русском
09:59, 10 баш оона 2019 860

Баракелде -  Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында Калашников автоматы ок-дарылары менен кошо табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Тергөө кызматына кечээ, 9-августта С.С. аттуу жаран кайрылып, Кой-Таш айылында «АК-47» үлгүсүндөгү автомат, 26 ок, 2 аскердик баш кийим (каска) жана 1 жарак-жабдык үчүн кур таап алганын айткан. Андан кийин ал өз эрки менен куралды Тергөө кызматына тапшырды.

«С.С.нын көрсөтмөсү боюнча, 9-августта саат 11:00дөн 12:00гө чейин Кой-Таш айылында болгон. Ал буга чейин жоголуп кеткен дронду издеп жүргөн. Издөөнүн жүрүшүндө Атамбаевдин үйүнөн 100-150 метр алыста тоонун боорунда чоң таштын жанында эки атайын баш кийин (шлем), Калашников автоматын, 26 ок салынган куту таап алган. Топтолгон материалдар ШИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком