11:13, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

ИИМ Бишкектин көчөлөрүндөгү окуя тууралуу айтып берди

На русском
15:38, 9 баш оона 2019 79

Баракелде -  Укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана шаардын жашоочулары менен конокторунун коопсуздугун сактоону камсыздашат. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-августка караган түнү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун көчөлөрүндө агрессивдүү маанайдагы адамдар абалды туруксуздаштырышкан.

«Милиция кызматкерлери түндө коомдук тартипти бузуп, ЖМКнын өкүлдөрүн коркуткан Алмазбек Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтарын кубалашкан», - деп айтылат маалыматта.

Чогулган агрессивдүү топту таратуу үчүн атайын каражат колдонулган. «Соода борборлоруна жана дүкөндөргө кирүүгө, мародерлукка жол берилген жок», - деп ИИМден белгилешти.

7-апрель менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аппараттык-программалык комплексти бир нече адам талкалап кеткен. Мындан тышкары Чүй, Шопоков, Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү камералар талкаланган.

«Колдонулган иш-чарага карабастан, баш аламандыктын жүрүшүндө агрессивдүү маанайдагы адамдар Кой-Таш айылынын аймагында токтоп турган унаалардын айнегин талкалап, Беш-Күнгөйдөгү кайгуул милиция бөлүмүнүн имаратын өрттөшкөн», - деп айтылат маалыматта.

Милиция Бишкек шаарында жана Чүй облусунда коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга аракет кылган адамдарды кармоо үчүн тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Учурда абал туруктуу жана милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө.

Буга чейин «Элдик штабдын» өкүлдөрү АКИpress агенттигине баш аламандыкты уюштургандар А.Атамбаевдин тарапташтары эместигин билдиришкен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком