11:09, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чүйдүн милициясы Кой-Таштагы чыгымдарды тактап жатат

На русском
13:58, 9 баш оона 2019 119

Баракелде -  Чүй облусунун милициясы Кой-Ташта талкаланган жана өрттөлгөн унаалардын санын, Беш-Күнгөйдөгү кайгуул милиция бөлүмүнүн имаратына жана жергиликтүү жашоочуларга келтирилген чыгымдарды тактап жатат.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 8-августта коомдук тартипти бузган жарандар Кой-Таш айылынын аймагында токтоп турган унаалардын айнегин талкалап, Беш-Күнгөйдөгү кайгуул милиция бөлүмүнүн имаратын өрттөп, баш аламандыкты уюштурушкан.

Окуя болгон жерде Аламүдүн РИИБдин ыкчам-тергөө тобу иш жүргүзүп жатат. Ошондой эле коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милиция тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп, штаттык режимде иштейт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком